Ссылки доступа

Орусия Сирия боюнча БУУ Коопсуздук Кеңешинин резолюция долбооруна каршы чыкты


Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Сириядагы химиялык чабуулду иликтөө механизими жөнүндөгү резолюциянын америкалык долбооруна вето койду. Долбоорго 12 өлкө “макул” десе, Орусия менен Боливия каршы чыкты, Кытай калыс бойдон калды.

“Бл резолюция химиялык чабуулга жооп берүү үчүн Коопсуздук Кеңештин колунан келе турган абсолюттук минимум болуп эсептелет”, – деп билдирди добуш берүү алдында АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли.

"Мындай долбоор кабыл алынды деген күндө дагы, текшерүүнү жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуу үчүн бир нече ай кетет. Сиздер Сириянын Дума шаарында химиялык чабуулдун издери табылган жок деген сөздү уккуңар келбейт", – деди Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя.

Көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндөгү райондордо иштеген Сирия-Америка медицина коому жана Сириядагы жарандык коргонуу кызматы 7-апрелде химиялык бомба жарылган маалда Дума шаарында бир нече киши мерт болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG