Ссылки доступа

Өзбекстан менен Түркмөнстан Бердымухамедовдун Ташкентке болчу сапарын талкуулады


Өзбекстан менен Түркмөнстандын Тышкы иштер министрликтери Ашхабадда өткөн саясий кеңешменин жүрүшүндө Гурбангулы Бердымухамедовдун Ташкентке болчу мамлекеттик сапарынын күн тартибин талкуулашты.

Талкуунун жүрүшүндө эки өлкөдө тең түркмөн президентинин сапарына кызуу даярдыктар көрүлүп жатканы айтылды. Тараптар бул окуя өлкөлөр жана элдер ортосундагы достук мамилени чыңдап, аны сапаттуу жаңы баскычка алып чыгышы керектигин белгилешти.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ар түрдүү уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташтык маселелерин карап, эл аралык жана аймактык көйгөйлөр боюнча пикир алмашышты.

XS
SM
MD
LG