Ссылки доступа

Душанбе шаардык кеңешинде бошогон үч орунга беш партия ат салышууда


Тажикстанда беш саясий партия Душанбе шаардык кеңешинде бошогон үч орун үчүн күрөш баштады. Шайлоонун жыйынтыгы 6-майда белгилүү болот.

Шаардык кеңештеги бош депутаттык орундар үчүн шайлоо буга чейин үч эл өкүлү мандатын тапшыргандан кийин жарыяланган. Быйыл мартта Архитектура жана курулуш комитетинин башчылыгына дайындалган Шахноз Рахматуллозода менен чет өлкөгө көчүп кеткен Шох Давлатов шаардык кеңештеги орундарын бошотушкан.

Дагы бир депутат, коммунисттердин өкүлү Субхон Сафиаллоев алдамчылыкка айыпталган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал мамлекеттик мекемелердин бирине президенттин жардамчысынын атынан телефон чалып, 12 миң сомони бөлүп берүүнү өтүнгөн. Алган акчаны ал өз пайдасы үчүн короткон.

Өлкөнүн шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө шайлоого катышуу каалоосун 8 талапкер билдирген, алардын арасында бир аял бар.

XS
SM
MD
LG