Ссылки доступа

Казакстан өлкөдөн капиталды чыгарып кетүүгө каршы көзөмөлдү күчөтөт


Казакстан парламентинин межилиси пленардык жыйында өлкөдөн капиталдын чыгышын көзөмөлдөй турган мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

"Валюталык жөнгө салуу жана валюталык көзөмөл” тууралуу мыйзам долбоорун Улуттук банктын төрагасы Данияр Акышев тааныштырды. Акышев мыйзам долбоорунда банк сыры камтылган каржы операциялары тууралуу маалыматты салык органдарына берүү укугу каралып жатканын айтты. Анын билдиришинче, мамлекеттик органдардагы өз-ара иштешүүнү күчтөндүрүү чаралары капиталдын чыгуусуна бөгөт коюуга жардам берет.

"Мыйзамдын нормалары менен гана капиталдын сыртка чыгарылуусуна көзөмөл орнотуу мүмкүн эмес. Акчалар мыйзамсыз жолдор менен чыгарылып кетиши ыктымал. Түз чектөө чаралары инвестициялык климатка жана таза иштеген ишкерлер үчүн түзүлгөн шарттарды начарлатып жибериши мүмкүн", — деди Акышев межилистин пленардык жыйынында.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле "өлкөдөн акча чыгаруу белгилери бар валюталык операциялардын тизмесин" киргизүү сунушталган. Акышев мыйзам долбоорунун кабыл алынышы катардагы жарандарга кедергисин тийгизбей турганын, көбүнчө "ири валюталык операцияларга" тийиштүү болорун кошумчалады.

Видео

XS
SM
MD
LG