Ссылки доступа

Сириялык көтөрүлүшчүлөр Думадагы химиялык чабуул тууралуу айтып беришти (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Сексен адам жасалма аракка ууланып көз жумду. АКШнын Орусияга өткөн жумада киргизген санкциялары рублдин кунун түшүрдү. Рублдин артынан казак теңгесинин да наркы төмөндөп жатат. Индонезияда жасалма аракка ууланып өлгөндөрдүн саны сексенден ашты.

- Мамлекетти башкаруудагы жоопкерчилик жүгү. Жаңы бийлик мамлекетти башкарууда жеке кызыкчылыктарды артка таштап, мамлекетчил аң-сезим менен саясат жүргүзө алабы? “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул темадагы талкуусуна “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, коомдук ишмер Адахан Мадумаров жана Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев катышты. (Директтен видео)

- Жашыл шаарым Жалал-Абад. Жалал-Абад шаарынын жашоочусу Нурмамат Сапарбаев "Азаттыкка" сүрөт жөнөттү. Жалал-Абад шаарынын жазды тосуп алган көрүнүшү төмөнкү сүрөт баянда. (сүрөт баян)

- Парламент баш прокурорду кетирди. (Директтен видео)​

- "Эже-сиңдилер": Ашыкча салмактан арылуу кыйын. Бул жолу "Эже-сиңдилер" берүүсү туура тамактануу жана анын пайдасы тууралуу сөз кылат. Берүүнүн коноктору ырчылар Мерген Турган, Мээрим Мураталиева жана Чолпон Талипбек болду. Өнөр адамдары туура тамактануунун жардамы менен саламаттыгын чыңдаганы, ашыкча салмактын азабы туурасында кеп салышты. (Директтен видео)

- Абдылдаев: Прокуратурага өз милдеттерин кайтаргыла. Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев прокуратуранын милдеттерин кайра кайтарууну сунуштады. (Кыргызстандан видео)

- Казакбаев: Бабанов Москвада иштеп жатат. «Республика-Ата Журт» фракциясынын мурдагы башчысы, депутат Руслан Казакбаев аталган партиянын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов тууралуу маалымат берди. Анын айтымында Бабанов учурда Москвада ишкерлик менен алектенип жатат. (Кыргызстандан видео)

- Орусия бизнесине киргизилген санкциялар Казакстан валютасына дагы таасирин тийгизүүдө. (Настоящее время)​

- Ильхам Алиев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү добуш берди. 11-апрелде Азербайжанда кезексиз президенттик шайлоо өттү. (Директтен видео)

- Сириялык көтөрүлүшчүлөр 40тан ашык киши набыт болгон химиялык чабуул тууралуу айтып беришти. (Настоящее время)

- Адилеттүүлүк күткөн кыйноо курмандыктары. (Кыргызстандан видео)

- Петропавлда үйлөрдү суу каптоодо. (Казакстандан видео)

- Газ куюучу станциялардын көбү кооптуу. (Кыргызстандан видео)

- Москванын акча алмаштыруу жайынын алдындагы кезек. 11-апрелде Москва биржасында евронун баасы 80 рублден ашты. Доллардын курсу 64 рублга чейин көтөрүлдү. (Директтен видео)

- Керчте «Жеңиш поезди» аттуу көчмө музейди тосуп алышты. (Директтен видео)

- Сахарадагы «Кум марафону»​. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG