Мекеменин 11-апрелдеги билдирүүсүнө ылайык, макулдашууда Казакстанга 260 миң евро (323 миң долларга жакын) кайтарылып бериле турганы жазылган.
Расмий маалыматтарга караганда, 2008-жылы A.V. Maximus Holding AG&Со компаниясы «ижара акысы боюнча карыздын ордун толтуруу» талабы менен Казакстандын Австриядагы элчилигине каршы доо арыз жазган. 2010-жылы Казакстан «мыйзамсыз түзүлгөн келишим боюнча төлөнгөн ижара акысы менен күрөө суммасын төлөтүүнү» талап кылып тосмо арыз берген.
Мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, былтыр A.V. Maximus Holding AG&Со Венадагы соттун сунушу менен талашты тынчтык жол менен чечүүнү сунуштаган. «Жыйынтыгында тараптар 2018-жылы мартта Казакстанга 261 500 евро төлөп берүү менен талашты тынч чечүү тууралуу макулдашууга кол коюшту», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Бул макулдашуунун негизинде 6-апрелде Венадагы сот баштапкы ишти жана ага байланыштуу бардык талаптарды токтотуу тууралуу чечим чыгарган.