Ссылки доступа

Тажикстанда ИМ тобуна кошулууга аракет кылган үй-бүлө соттолууда


Согди облустук сотунун имараты
Согди облустук сотунун имараты

Тажикстандын Согди облустук сотунда «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун ишмердүүлүгүнө катышууга аракет кылган деп айыпталган 7 кишиден турган үй-бүлөнүн соту башталды.

Маалыматка караганда, былтыр жыл соңунда Түркия менен Сириянын чек арасында кармалган 70 жаштагы аял, анын уулу, кызы, келини жана күйөө баласы баш болгон 7 кишиден турган үй-бүлө сот жообуна тартылууда. Үй-бүлөнүн дагы бир мүчөсү психикалык жактан оорулуп деп табылып, экинчиси эрезеге жете элек болгондуктан, аларга айып тагылган эмес.

«Алар 29 киши болчу. Сирияга кичи автобус менен баратышкан. Эки автобустагы жүргүнчүлөр түрк-сирия чек арасынан өтүп кетишкен. 9 киши бараткан кичи автобус түрк чек арачылары тарабынан кармалган. Алар быйыл жыл башында Тажикстанга өткөрүлүп берилген»,- деди өз булак.

Азырынча тажик бийлиги соттолуп жаткан адамдардын аты-жөнүн жарыялай элек. Алгачкы сот отурумунда айыпталуучулар Сирияга «жихад» үчүн барууну каалагандыктарын моюндарына алышты. Ошондой эле мекенинде бийлик алардын дин тутуу укуктарын чектеп келгенин билдиришти. Аялдардын биринин айтымында, былтыр Исфаранын милиция кызматкерлери аны хижаб кийип жүргөндүгү үчүн кармашкан.

Өткөн жылы мартта 29 кишиден турган топ алгач Казакстанга барып, андан ары Түркияга кетишкен. Исфарада 70 жаштагы аялдын бир гана кызы калган.

XS
SM
MD
LG