Ссылки доступа

Казакстанда 40 миң доллар пара берүүгө аракет кылган прокурор соттолууда


11-апрелде Казакстандын Актөбө шаардык сотунда облус прокурору Эсентур Кадыровдун иши боюнча алгачкы угуулар өттү. Ал өзүнө козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн Башкы прокуратуранын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылган деп айыпталууда.

Былтыр августа Казакстандын Башкы прокуратурасы «жумушка шалаакылык мамиле кылуу» беренеси менен Актөбө облустук прокуратурасынын бир канча кызматкерине кылмыш ишин козгогон.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Эсентур Кадыров «кылмыш жазасынан кутулуу жана кызматын сактап калуу максатында» жергиликтүү прокуратура кызматкери Айбол Төлөгөнов аркылуу Башкы прокуратуранын Ички иликтөө департаментине пара берүүгө аракет кылган.

Алгачкы соттук угуунун жүрүшүндө Төлөгөнов Кадыров ал аркылуу Ички иликтөө департаментинин башчысына 40 миң доллар берип жиберүүгө ниеттенгенин айтты. «Мен андан мынчалык чоң суммадагы акчаны кайдан алганын сурасам, ата-энем жардам берди деди. Бул тууралуу мен 8-ноябрда Башкы прокуратурага кабар бердим. 12-ноябрда Эсентур Кадыров унаадан 40 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган», — деди Төлөгөнов.

Учурда үй камагында жаткан Кадыровдун өзү тагылган айыптар менен макул эмес экенин билдирүүдө. Анын адвокаты айыпталуучунун акча берип жаткан жеринен кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

XS
SM
MD
LG