Ссылки доступа

Порошенко Украина КМШдан чыгарын билдирди


Украина президенти Петр Порошенко Көз Карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен (КМШ) чыгып, Орусия менен достук келишимдин бир бөлүгүн жокко чыгарууну сунуштады.

12-апрелде Киевдеги коопсуздук боюнча форумда Порошенко өкмөткө Украинанын КМШдан чыгуусун шарттаган чараларды кабыл алууну сурады. Бул уюмга Киев чектелүү укуктары менен 1991-жылдан бери мүчө.

«Украина эч качан КМШнын толук кандуу мүчөсү болгон эмес, КМШ орусиялык агрессияны айыптоодон баш тарткандыктан, мен өкмөт менен бирге КМШнын уставдык органдарына катышууну расмий түрдө токтотуу жоболорун даярдоону сунуштайм», — деди Порошенко.

Мындан тышкары Порошенко форумдун катышуучуларына Орусия менен достук жана өнөктөштүк жөнүндө келишимдерди бир тараптуу токтотуу боюнча парламентке мыйзам долбоорун сунуштай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG