Ссылки доступа

Дональд Трамп Сирияга абадан сокку башталганын жарыялады


Сирия. Дамаск шаары. Америка жана анын өнөктөштөрүнүн соккусу.14-апрель, 2018-жыл.
Сирия. Дамаск шаары. Америка жана анын өнөктөштөрүнүн соккусу.14-апрель, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп химиялык курал үчүн колдонулган өкмөттүк мекемелерге сокку уруу тууралуу буйрук бергенин жарыялады.

Анын айтымында, Франция, Британия менен биргеликте башталган бул соккулар Сирия химиялык курал пайдаланууну токтотмойунча уланат.

Маалыматтарга караганда, соккулар Дамасктагы илимий-изилдөө борборуна жана Сирия армиясынын тандалган бөлүктөрү жайгашкан аскердик базаларга багытталды. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбордон билдиришкендей, бутага алынган айрым базалар менен аэропорттордон кызматкерлер буга чейин, апта ортосунда эле эвакуацияланган.

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Хомс шаарынын сыртында жайгашкан объектке сокку урганын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча анда химиялык курал жасоо үчүн керектүү болгон заттар сакталат. Министрлик алдын ала алынган маалыматтарга караганда чабуул ийгиликтүү болгонун белгиледи.

Пентагон АКШ былтыр Хан-Шейхунда химиялык чабуулдан кийин жасаган соккуларга караганда, бул жолкусунда эки эсе кубаттуу аскер куралдары колдонулганын билдирди..

Сириялык ММКлар бул чабуулду «эл аралык укуктарды одоно бузуу» деп атап, аскерлер ракетага каршы коргонуу системасын колдоно баштаганын жана 13 ракетаны атып түшүрүшкөнүн билдиришти.

14-апрель эртең менен Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар Орусиянын Сириядагы аскердик базаларынын айланасына жасалбаганын кабарлаган.

Трамп Орусияны дагы, Иранды дагы Асаддын «адам өлтүргүч» режимин колдоону токтотууга үндөдү. Трамп бул эки өлкөнү «Асаддын кылмыштуу режимин колдоого, курал жана акча менен камсыздоого» жооптуу экенин кошумчалады.

Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов АКШ менен анын союздаштарынын чабуулун кескин сынга алды. Ирандын Тышкы иштер министрлиги Сирияга жасалган соккулар «аймактык кесепеттерге» ээ болорун билдирди. Франция чабуулдар тууралуу Орусияга алдын ала маалымат берилгенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG