Ссылки доступа

Тажикистанда журналист Мирсаидовдун ишин саясатташтырбоого үндөшүүдө


Хайрулло Мирсаидов
Хайрулло Мирсаидов

Тажик бийлиги АКШнын  ЕККУ алдындагы миссия жетекчилигинин Тажикстан КВН командасынын жетекчиси, журналист Хайрулло Мирсаидовдун кылмыш ишин иликтөө боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды.

«Мирсаидовдун иши саясий өңүттө эмес жана кылмыш иши алдамчылык фактысы боюнча козголгон», деп айтылат Тажикстандын ЕККУ алдындагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө.

Өкүлчүлүк Тажикстан КВН командасы мыйзамсыз түзүлгөнүн жана каттоодон өтпөгөнүн баса белгилеген.

«Мирсаидов 2014-2017-жылдары команда үчүн 976 миң сомони (110 миң доллардын тегереги) сарптаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча бул суммадан 300 миң сомони “жоголуп” кеткен. Мирсаидов 76 миң сомонини кымырып алган, калган сумма максатсыз колдонулган», деп айтылат Тажикстандын ЕККУ алдындагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө.

Апрелдин башында Хайрулло Мирсаидовдун кылмыш ишин иликтөө эки айга узартылган. Мындан соң АКШнын ЕККУ алдындагы миссия башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Мишель Сайдерс тажик бийлигин Мирсаидовдун ишин токтоосуз иликтөөгө, өз оюн эркин билдирүү боюнча алган милдеттерин аткарууга чакырган.

39 жаштагы Мирсаидов 2017-жылы декабрда президентке, башкы прокурорго жана Согдинин губернаторуна Худжанд шаарындагы аткаминерлердин жемкорлугун тыюуну өтүнүп ачык кат жазгандан бир нече жумадан кийин кармалган.

​Хайрулло Мирсаидовго каршы Тажикстандын Кылмыш кодексинин “Каражатты менчиктеп алуу же ашыкча пайдалануу”, “Улуттук, расалык өч алуу же диний араздашуу”, “Жалган документтерди жасоо, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр-штамптарды даярдоо” жана “жалган маалымат таратуу” деген айыптар тагылган.

XS
SM
MD
LG