Ссылки доступа

Өзбек авиакомпаниясы Ташкент-Душанбе-Ташкент каттамын кирешесиз деп атады


Өзбекстандын Тажикстандагы элчилиги тажик бийлигине кайрылып, Душанбе аэропортундагы тейлөөлөр үчүн «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясынын учактарына жеңилдиктерди берүүнү өтүндү.

Өзбек дипломаттары аэропортто кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынчу сумма жогору болгондуктан, авиакомпания Ташкент-Душанбе-Ташкент багыты боюнча ар бир каттам жасаган сайын 5-8 миң долларга чыгашага учурап жатканын айтышты.

25-апрелде «Өзбекстан аба жолдору» компаниясынын өкүлү Орифжон Рузимуродов бул маалыматты ырастады. «Учурда Ташкент-Душанбе-Ташкент каттамы үчүн билет сатуудан түшкөн акчанын бардыгын Душанбе аэропортундагы тейлөө үчүн төлөп жатабыз. Каттамдар рахмат деген сөз үчүн гана аткарылууда. Биз тажик кесиптештерден аэропорттогу жыйымдарды азайтууну өтүндүк. Алар макул деп коюп, бирок 1-октябрдан тарта тескерисинче кайра көбөйтүп коюшту», - деди Орифжон Рузимуродов.

Анын айтымында, Душанбе аэропортунда тейлөө үчүн алынып жаткан акча Ташкенттегиге караганда үч эсе көп. Рузимуродов Ташкент-Душанбе-Ташкент каттамы боюнча орточо эсеп менен 150 жүргүнчү батчу учактар учса, болгону 50гө жакын гана билет сатыла турганын белгиледи. Бул багыт боюнча билетти алдын ала сатып алгандар 750 сомони (80 доллар), уча турган күнү алгандар 90 доллардан төлөшөт.

Азырынча Душанбедеги эл аралык аэропорттун жетекчилиги өзбек дипломаттарынын бул өтүнүчүнө жооп бере элек.

Былтыр апрелдин ортосунда Өзбекстан 1992-жылы токтотулган Ташкент-Душанбе-Ташкент аба каттамын кайрадан калыбына келтирген. «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясы Тажикстан борборуна А320 учактары менен жумасына бир жолудан учуп турат.

XS
SM
MD
LG