Видеокамера мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун видеокөзөмөлдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн караштырып чыгуу тапшырмасынан кийин эле алып салынган. Өмүрбек Текебаев отурган бөлмөгө видеокамера коюлганы тууралуу 29-январда белгилүү болгон.
Анда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы муну коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн. Анткени менен укук коргоочулар жана абактагы саясатчы өзү да мындай аракетти кескин сындаган. Текебаев күндүр-түндүр коюлган видеокөзөмөлдү психологиялык кысым катары сыпаттаган.