Ссылки доступа

Тажикстанда ишкер жубайлар буюртма менен өлтүрүлгөнү аныкталды


Өз үйүндө өлтүрүлгөн ишкер жубайлар жерге берилген күн. 18-октябрь, 2017-жыл
Өз үйүндө өлтүрүлгөн ишкер жубайлар жерге берилген күн. 18-октябрь, 2017-жыл

Хужанд шаарынын базарында дүкөнгө ээлик кылган жубайлар Максуджон Мухаммаджонов менен Ибодат Неъматуллоеваны былтыр октябрда өз үйүндө өлтүрүп кетишкен.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, бул иш боюнча шектүү катары кармалган алты киши Жогорку соттун 25-апрелдеги отурумунда күнөөлөрүн моюндарына алышып, кылмышка Зафар аттуу адамдын буйрутмасы менен барышканын айтышкан.

2-февралда Согди облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы бул иш боюнча издөө иштери төрт айга созулганын билдирген. «Кылмышкерлер ишкерлердин үйүнө кирип, алгач жубайлардын ооздорун скотч менен чаптап кыйнашкан, муну менен акча катылган жер тууралуу маалымат алууга аракет жасашкан сыяктуу», - деген Назарзода.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышкерлер үйдөн 75 миң доллар жана баалуу буюмдарды алып кеткени аныкталган.

XS
SM
MD
LG