Ссылки доступа

Интернет-сойкулукка тартылган 30 студент кыз кармалды


Бишкекте интернет-сойкулук менен алектенген 30 студент кыз кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги тараткан кабарда айтылат.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүү үй тинтүүгө алынганда “интернет аркылуу интим кызмат көрсөтүүнү уюштурду” деген 28 жаштагы жаран менен кошо жогорку окуу жайларда окуган 30га жакын студент кыз кармалып, веб-камералар, 16 компьютер жана башка буюмдар табылган.

Кармалгандардын баары милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Тинтүү Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы “порнографиялык буюмдарды даярдоо жана сатуу” факты боюнча козгогон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлдү.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы быйыл жыл башынан бери 64 веб-модель кыз-келин каттоого алынганын кабарлаган.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде интимдик кызмат уюштургандарга каршы чаралар жазылган. Ал эми денеси менен акча тапкандарга каршы мыйзам жок.

260-берене ("Сойкулук кылууга тартуу"), 261-берене ("Сойкулук кылыш үчүн көмүскө жайларды уюштуруу") деп аталат. Бул боюнча айыпталгандар беш жылга чейинки мөөнөткө камалат.

XS
SM
MD
LG