Ссылки доступа

Казакстанда Асылбек уулунун камактагы мөөнөтү узартылды


Февралда Казакстандын түштүк аймактарында өткөрүлгөн атайын операциялар маалында кармалган кыргыз жана казак жарандарынын камактагы мөөнөтү узартылды. Алар чек ара аркылуу товарларды аткезчилик жол менен өткөрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Алматы соту кабарлады.

«Алмалы райондук соту Кыргызстан менен Казакстан жарандарынын камактагы мөөнөтүн 16-майга чейин узартты», — деп жазылган соттун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

15-16-февраль күндөрү өткөрүлгөн атайын операциялардын жыйынтыгында 35 шектүү кармалган. Алардын арасында үч кыргыз жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу дагы болгон.

Кыргызстандын жарандарына карата Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар жана башка предметтерди алып өтүү” жана “Трансулуттук уюшкан топко же трансулуттук кылмыштуу топко аралашуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

17-февралда Алматынын Алмалы райондук соту депутат Дамирбек Асылбек уулун, аны менен бирге кармалган Улан Мурадиловду жана Чыңгыз Абакировду эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

16-апрелед Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экендиги тууралуу маалыматтардан улам аны депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга чейин Казакстан ТИМи Асылбек уулунун казак паспорту бар экенин билдирген. Бирок анын туугандары бул маалыматты четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG