Ссылки доступа

Рахмон терроризмге каршы күрөштө «кош стандарттуулук» саясатынан алыстоого чакырды


«Терроризм менен экстремизмдин мекени, улуту жана дини жок. Террорчу деген террорчу, ал «бөтөндүкү» же «өзүбүздүкү» болбойт. Бул тууралуу 4-майда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон «Терроризм менен экстремизмге каршы аракет» деп аталган Душанбедеги конференциянын ачылышында билдирди.

«Терроризм менен экстремизм чек араларды, мамлекеттерди тааныбайт, ошондуктан бүгүн террордук жана экстремисттик топтор диний радикалдык, улутчул топтор менен кошулуп, согуш жана зомбулуктун башталышына чагымчылдык кылып жатышат», - деди тажик президенти.

Эмомали Рахмон дүйнөлүк коомчулук тарабынан «терроризм» жана «экстремизм» түшүнүктөрүнө дале бирдиктүүмамиле жок экенин өкүнүү менен белгиледи. «Терроризм жана экстремизмге, ошондой эле зомбулукка, радикалдуулукка каршы натыйжалуу күрөштө «кош стандарттуулук» саясаты болбошу керек», — деди Рахмон.

Мамлекет башчы террорчулар Исламга жамынып алып, дүйнөдө исламофобияны жайылтып, мусулмандарга карата жек көрүү сезимдерин күчөтүп жатканын белгиледи. Рахмон жер шаарындагы адамдардын бир жарым миллиарддан көбүн түзгөн мусулмандарды жаманатты кылуу кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.

«Терроризм менен экстремизмге каршы аракет» аттуу эл аралык конференция башталды. БУУ, ЕККУ жана Европа биримдигинин көмөгү менен Тажикстандын өкмөтү тарабынан уюштурулган. Анын ишине дүйнөнүн 46 өлкөсүнөн барган 30дан ашык эл аралык жана аймактык уюмдардын, ошондой эле илимий-изилдөө институттардын өкүлдөрү катышууда.

XS
SM
MD
LG