Ссылки доступа

Чех зоопаркы аюунун мамалагы үчүн тажик ысым издөөдө (сүрөт)


Гүл деп аталган күрөң Тянь-Шань аюусу Чехиянын Глубока-над-Влтавоу шаарындагы зоопаркта мамалак тууду. Гүл менен Зухра  Чехияга Душанбедеги зоопарктан 2015-жылы алынып келген.

Алар жоголуп бараткан күрөң аюулардын катарына кирет жана жаныбардын бул түрүнүн Европадагы жалгыз өкүлдөрү болуп эсептелишет. Глубока-над-Влтавоудагы “Ограда” зоопаркынын зоологу Иван Кубаттын айтымында, мамалактын жарык дүйнөгө келиши менен Чехияда алардын саны көбөйөт деген үмүт пайда болду.

Мамалак 1-январда туулган. “Алгачкы үч айда нускама боюнча биз ага жологон жокпуз. Азыр мамалак ветеринардын көзөмөлүндө. Салмагы – 7,5 килограмм, өңү –күрөң, ден соолугу чың” – деди Иван Кубат.

Зоопарк жетекчилиги мамалакка тажик ысымын берүүнү чечкен. “Биз сунуштарды күтөбүз, андан соң эң татыктуусун тандап алабыз”- деди Иван Кубат.

Гүл бул зоопаркта 2013-жылдан бери жашаган жападан жалгыз Тянь-Шань күрөң аюусу Алтай менен үй-бүлө курган. Алтайды Екатеринбургдан алып келишкен, бирок зоологдор анын “тажик” тамыры бар деп эсептешет. Гүл менен Зухра Чехияга үч жыл мурун алынып келинген.

“Биз жолдо 15 күн жүргөнбүз. Кыргызстан, Казакстан, Беларус, Литва жана Польша аймагы аркылуу өткөнбүз. Жолдо айрым кыйынчылыктарга туш болгонбуз. Маселен, Казакстан чек арасында үч сутка жатканбыз, аюуларды Бажы Биримдигинин транзиттик зонасынан алып өтүү үчүн документтерибиз аягына чейин туура толтурулбай калыптыр. Жаңы документтер келгенче күткөнбүз,- деп эскерет Иван Кубат.

Тянь-Шань күрөң аюусу Кызыл китепке киргизилген. Чехия алардын ордуна Душанбедеги зоопаркка жуп кеңгуруларды берген. Бирок эркеги жер которгондон кийин өлүп калган. Иван Кубат ал стресске кабылган болушу мүмкүн деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG