Ссылки доступа

Өзбекстанда күч түзүм жетекчилери сиренага байланыштуу окуядан улам жумуштан бошотулду


Барат Маменов
Барат Маменов

Өзбекстан президентинин Коопсуздук кызматынын башчысы Абдурахим Муминов ээлеген кызматынан бошотулуп, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Ташкент Жол кыймыл коопсуздугу башкармалыгынын башчысы, полковник Барат Маменовго кылмыш иши козголду.

Атын атабоону өтүнгөн өзбек чиновнигинин айтымында, алардын жумуштан боштулушуна 23-24-апрелде президент Шавкат Мирзиёевдин ачуусун келтирген окуя себеп болгон:

– Президент Ташкенттеги объектилердин бирин кыдырып жүргөн. Бул маалда ошол райондон өтүп бараткан МАИ кызматкер маалелердин бирине кирүүгө уруксат сураган. Президенттин коопсуздук кызматкерлери ага макул болушуп, бирок акырын өтүп кетүүсүн айтышкан. Бирок МАИ кызматкери сиренасын күйгүзүп, унаасын чоң ылдамдыкта айдап кеткен. Мунун баарын президент Шавкат Мирзиёев көрүп турган, – деди Ташкент Жол кыймыл коопсуздугу башкармалыгынын офицери.

Ал ошол эле күнү Ташкент Жол кыймыл коопсуздугу башкармалыгынын башчысы Барат Маменов беш сутка гауптвахтада (аскер кызматкерлери камала турчу жай ) жатып чыкканын кошумчалады. “Ал гауптвахтадан 28-апрелде чыккан. Бирок 30-апрелде аны иш бөлмөсүнөн колуна кишен салып алып кетишти”, – деп кошумчалады өз булак.

Өзбекстан ИИМиндеги башка бир булак президенттин Коопсуздук кызматынын башчысы Абдурахим Муминовдун жумуштан бошотулушуна дагы ушул окуя себеп болгонун ырастады.

Абдурахим Муминов Өзбекстан президентинин Коопсуздук кызматынын башчысы болуп 2016-жылы дайындалган.

XS
SM
MD
LG