Мектептен ал жалаң бешке окуган активдүү кыз болгонун билдиришти.
– Биз азыркыга чейин анын эмне себептен мындай кадамга барганын түшүнө албай турабыз. Буга чейин ал эки күн мектепке келген эмес. Үйүнө чалсак ата-энеси кыз ооруп жатканын айтышкан. Бейшемби кечинде анын асынып алганын уктук, – деди мектеп кызматкерлеринин бири.
Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынан тергөөнүн сыры деп бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.
Коңшуларынын айтымында, өз өмүрүнө кол салган кыз үй-бүлөдөгү төрт кыздын бирөөсү болгон.
– Ал күнү кыз үйүндө жалгыз болгон. Өлүм алдында бир туугандарына кат жазып, андан соң апасына телефон чалып коштошкон. Апасы дароо үйүнө чуркап келип, кызынын асынып алганын көргөн, – деди коңшуларынын бири.