Ссылки доступа

Туркмөнстанда аялдарды дресс-код үчүн айыппулга жыгышууда


Түркмөнстанда кийим кийүүгө киргизилген жаңы талаптарга байланыштуу аялдар суракка алынып, жоопкерчиликке тартылышууда.

Апрелдин соңунда Түркмөнстанда чачты боё, макияж жасоо, жана ачык түстөгү маникюрга тыюу салынган. Мындан тышкары аялдар узун жана денеге чапташпаган көйнөк кийүүгө милдеттендирилген.

Ашхабад шаарынын жашоочусу Шемшат “Азаттыктын” түркмөн кызматына билдиргендей, базардан аны полициячы кармап, эмне үчүн чачын, кашын жана тырмагын боёп алганын сурап, жергиликтүү полиция бөлүмүнө алып барган.

Полиция кызматкерлери ага денеге чапташкан, жеңи кыска көйнөй кийип жүргөнү үчүн айыппул салышкан.

"Мен 150 манат (40 доллардын тегереги) берүүгө аргасыз болдум. Айыппул төлөнгөндүгү тууралуу квитанция беришкен жок. Бирок мени коё беришкенине эле сүйүндүм. Болбосо алар коомдук тартипти бузган деген протокол түзүп, иштеген жериме билдиребиз деп айтышты", - деди ал.

Түркмөнстанда жаңы дресс-кодду биринчи кезекте мамлекеттик мекеме-ишканаларда иштеген аялдар менен жогорку окуу жайлардын студенттери сакташы керек. Айрым жетекчилер бул талапты кызматкердерди жумуштан кетирүүдө курал катары пайдаланып жатканы айтылууда. Өз булак билдиргендей, Ашхабаддагы банктардын биринде кийим кийүү талабын сактаган эмес деген шылтоо менен бир нече аял иштен бошотулган.

XS
SM
MD
LG