Абдуллаевди Кылмыш кодексинин 159-беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан сот аны бир жарым жылга кара жумушка кесип, маянасынан 20% кармап калуу шарты менен сот залынан бошотту.
Абдуллаев менен бирге айыпталган блогер Хаётхан Насреддинов жана жергиликтүү ишкерлер Шавкат Оллоёров менен Равшан Салаев дагы сот залынан бошотулду.
2-майда өткөн сот отурумунда прокурорлор Абдуллаевди беш жылга эркинен ажыратууну, калган айыпталуучуларды актоону сураган.
Атайын кызмат тарабынан былтыр сентябрда кармалган журналист Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды «Усман Хакназаров» деген тергеме ат менен интернетке жарыялап турган деп айыпталган.