«Коопсуздуктун жаңы коркунучтары менен чакырыктарына каршы натыйжалуу аракет көрүү максатында атайын операциялардын жогорку мобилдүү күчтөрү түзүлдү. Бул бөлүк киберчабуулдарга каршы аракеттерди көрөт. Ал өлкөнүн коргонуу системасына киргизилди», - деди Назарбаев.
Аскердик парад Жамбыл облусундагы «Отар» аскер базасында өттү. Ага 3 миң жоокер катышып, 40ка жакын учуу аппарат жана 300 аскер техникасынын үлгүсү көрсөтүлдү.