Ссылки доступа

Ысык-Көлдөгү санаторийде он үч адам ууланды


Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаторийинде 13 адам тамактан ууланды. Бул тууралуу “Азатыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Уулангандардын арасында чет элдик спортчулар – Ирандын бир жараны жана Бириккен Араб Эмираттарынын алты жараны бар экени айтылды.

Маалым болгондой, алар 7-май күнү Чолпон-Ата аймактык ооруканасына жаткырылган. Дарыгерлердин айтымында, учурда алардын абалы канааттандыраарлык. Бейтаптар бир сыйра дарыланган. Ооруканадан бүгүн кечке чейин чыгарылат деп кабарланды.

Алар жеген тамак-аштан анализ алынган, анын жыйынтыгы эки-үч күндөн кийин белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG