Ссылки доступа

Казакстанда кенчилер айлык маянаны жогорулатууну талап кылышууда


Казакстанда «Мангистаумунайгаз» компаниясынын Каламкас кениндеги мунайсервис ишканасынын кызматкерлери айлык акыны жогорулатуу, жумуш шартын жакшыртууну сурашууда. Нааразы болгондор «Казпромлогистик» ишканасынын жетекчилиги талаптарды аткармайын ишке чыкпай турганын билдиришүүдө.

«Мангистаумунайгаз» компаниясына таандык кендерде мунай скважиналарын оңдоп иштеген «Казпромлогистик» ишканасынын жумушчулары 7-майдан тарта ишти токтотушту жана айлык акы менен жумуш шартын жакшыртууну талап кылышууда.

Өзүн Кайрат деп тааныштырган жумучунун айтымына, алар талаптар аткарылганда гана ишке чыгышат.

- Көйгөйүбүз көп. Эң башкысы маянабызды 200 миң теңгеге (600 доллар) чейин жогорулатууну жана жумуш шартын жакшыртууну талап кылабыз. Бизде эмгек келишим дагы жок. Атайын кийим беришпейт. Жумуш кийимдерибизди жууй турган суу дагы жок, - деди ал.

​Жумушчулардын билдиришинче, алар нөөмөт менен 15 күндөн иштешет. Бир нөөмөттө 200дөн ашуун киши бар. Алардын көбү Мангистау облусунун жашоочулары, бир нече киши Актөбө облусунан келип иштешет.

Кенчилер айлык маяна 90-120 миң теңге экенин, бул каражат үй-бүлөнү багууга жетпей турганын айтышууда. Жетекчилик жумучулардын талаптарын билет. Бирок«Казпромлогистик» ишканасы бул боюнча азырынча үн ката элек.

XS
SM
MD
LG