Ссылки доступа

Душанбеде бийлик "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берген жок


Душанбеде Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгондордун элесине арналган “Өлбөс полк” жүрүшү болбойт. Шаар бийлиги коопсуздук чараларына байланыштуу маршка тыюу салынганын билдирди.

Буга чейин өлкөнүн Согуш жана эмгек ардагерлер бирикмеси эскерүү акциясын өткөрүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен мэрияга кат жөнөткөн. Мурдараак дүйнөдө орус маданиятын жайылтуу менен алектенген «Россотрудничество» уюмунун Тажикстандагы өкүлчүлүгү ардагерлердин сүрөттөрүн бекер басып чыгарып, 9-майга карата транспаранттарды жасап берүүгө даяр экенин билдирген.

8-майда шаардык администрациянын өкүлү Жеңиш Күнүнө карата көптөгөн иш-чаралар өтөрүн, бирок алардын арасында “Өлбөс полк” маршы жок экенин билдирди.

Ардагердер бирикмеси да бийлик жүрүш жасоого уруксат бербегенин тастыктады.

“Өлбөс полк” акциясы 9-майда Орусиянын көптөгөн шаарларында жана мурдагы СССР өлкөлөрүнүн айрымдарында өтүп келет. Анда адамдар согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышат.

Өткөн жылы Душанбе бийлиги жүрүш уюштурууга уруксат бербей, аны «техникалык» себептер менен түшүндүргөн. Бирок шаардын жүздөгөн жашоочусу Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад жана расмий салтанаттардан кийин «Өлбөс полк» акциясына катышышкан.

XS
SM
MD
LG