Ссылки доступа

Самаркандда МАИ инспектору улгайган айдоочу менен мушташты (видео)


В Самарканде инспектор БДД подрался с пожилым водителем
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00
Загрузить файл

Самаркандда Жол кыймыл коопсуздугунун инспектору менен  улгайган айдоочунун мушташы тартылган видео социалдык түйүндөрдө тарады.

Окуя 5-майда Ургут шаарында болгон. Милиция кызматкери кесиптештеринин алдында улгайган айдоочуну сабап таштоого аракет жасаган. “Ниванын” ээси дагы инспекторго жооп кайтарып, кол көтөргөн.

“Эң эле кыжырды келтиргени, МАИ кызматкерлери жана нары-бери өткөндөр аларды жөн гана карап турушту. МАИ инспекторлору жол эрежесин бузгандарды аныкташы керек, бирок аларга айдоочуга кол көтөрүү укугун эч ким берген эмес. Өзгөчө эгер айдоочу анын атасындай киши болсо”, –деди Ургент шаарынын жашоочусу.

Жол кыймыл коопсуздугунун кызматкеринин бири болсо күнөө айдоочудан кетти деп эсептейт.

"Биздин инспектор унааны токтоткондо, айдоочу ага күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тарткан, ал милиция кызматкерине кол көтөргөн. Андан соң айдоочу күнөөсүн мойнуна алып, МАИ инспекторунан кечирим сураган”,– деди ал.

“Нива” унаасынын айдоочусу менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG