Ссылки доступа

Түркмөнстанда ун кайрадан кымбаттады


Учурда Түркмөнстан борборунун соода түйүндөрүндө Казакстан унунун бир килограммы 6,5 манаттан (2 доллар) сатылууда.

Ашхабаддык баяндамачы Аманмырат Бугаев билдиргендей, ундун наркы бир апта ичинде эле көтөрүлүп кетти. "10 күн мурун бир килограмм Казакстан унуна 5,5 манат деген баа чапталып, бирок 6 манаттан сатылган. Азыр анын баасы 6 манат деп көрсөтүлгөн, анткен менен 6,5 манаттан сатылууда", - деди Бугаев.

Түркмөнстанда бир нече жылдан бери баалардын кош системасы өкүм сүрүп келет.

Азыркы тапта полиция жана салык кызматынын өкүлдөрү соода түйүндөрүн кыдырып, Казакстан өндүрүшүнөн чыккан ун импорт боюнча бажы талаптарына жооп берер-бербесин текшеришүүдө.

“Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары” басылмасынын маалыматы боюнча Мары шаарынын дүкөндөрүндө бир кишиге мурдагыдай эле эки гана бөлкөдөн сатылууда. Мындан тышкары кумшекерге да чектөө киргизилген. “Соода эртең менен гана болот, түштөн кийин дүкөндөрдө нан дагы, шекер дагы калбай калат”, - деп белгилейт басылма.

Түркмөн бийлиги өлкөдө азык-түлүк каатчылыгы бар экенин мойнуна албайт.

Как возник дефицит муки в Туркменистане и почему люди давятся в очередях за отрубями
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

XS
SM
MD
LG