Ссылки доступа

Тажик укук коргоочусу орус жарандыгын кайтарып алуу үчүн сотко кайрылды


Каромат Шарипов
Каромат Шарипов

Душанбе шаарынын Исмоили Сомони райондук сотунда “Тажикстан эмгек мигранттары” кыймылынын мурдагы башчысы Каромат Шариповдун Тажикстан ИИМине берген доо арызы каралууда.

Каромат Шарипов Тажикстан укук коргоо органын жарандыгы тууралуу Орусияга жалган маалымат берген деп айыптоодо.

Тажик мигранттарынын укугун коргоочу Каромат Шарипов 2017-жылы 13-декабрда Орусиядан Тажикстанга депортацияланган. Ал орус паспортун мыйзамыз алууга күнөөлөнгөн.

Тажикстан ИИМи былтыр октябрда Орусия жөнөткөн суроого жооп кайтарып, Каромат Шарипов өлкө жараны экенин билдирген. “Бул карандай калп. Аскерге чакырылганда СССР паспортун алып коюшкан жана менин өздүгүмдү аныктаган документ катары СССР Куралдуу күчтөр офицеринин, кийин Орусия Куралдуу күчтөр офицеринин күбөлүгү кызмат өтөдү”,-деди Каромат Шарипов. ​

Сот отурумуна катышкан Тажикстан ИИМинин өкүлү Гайратжон Шарипов Тажикстан жарандыгы жарандыктан чыгуу тууралуу расмий арыз берилгенге чейин сакталарын билдирди. Мындай арыз Каромат Шариповдон түшкөн эмес, деп белгиледи ал.

Мигранттардын федерациясын жетектеген Шарипов 1993-жылы Орусияда юридикалык билим алган. Ал Советтер Союзу тарагандан бери тажик жараны эмес экенин билдирүүдө.

Шариповдун айтымында, ФСБ анын паспортун тажик мигранттары менен Москвадагы соода үйүнүн коопсуздук кызматкерлеринин ортосундагы жаңжалдан кийин алып койгон.

XS
SM
MD
LG