Ссылки доступа

Казакстанда кенчилер иш таштоону токтотушту


«Мангистаумунайгаз» компаниясынын жалданма мекемеси «Казпромлогистиктин» жумушчулары иш таштоону токтотушту. Бул тууралуу мекеме кызматкерлери кабарлашты.

- Маселебиз чечилди, айлык маянабызды 25 пайызга көтөрүштү, - деди кен жумушчусу.

«Мангистаумунайгаз» компаниясына таандык кендерде мунай скважиналарын оңдоп иштеген «Казпромлогистик» ишканасынын жумушчулары 7-майда иш таштап, айлык акыны 200 миң теңгеге чейин (600 доллардын тегереги) көтөрүүнү, жумуш шартын жакшыртууну талап кылышкан.

Күндүн экинчи жарымында Каламкас кенине компания жетекчилери, прокуратура жана бийлик өкүлдөрү келип, алардын арыз-муңун угушкан.

Каспий деңизинин түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү Бозашы жарым аралында жайгашкан Каламкас кенин «Мангистаумунайгаз» компаниясы иштетет.

XS
SM
MD
LG