Ссылки доступа

Иран: АКШнын өзөктүк келишимден чыгышы – "тарыхый катачылык" (видео)


Иран АКШ президенти Дональд Трамптын көп тараптуу өзөктүк келишимден чыгуу боюнча чечимине дароо жооп кайтарды. Тегеран Кошмо Штаттар лидеринин мындай бүтүмүн “тарыхый катачылык” деп сыпаттады.

Иран президенти Хасан Роухани АКШ келишимдин жалгыз катышуучусу эмес экенин, буга байланыштуу өлкө документтин калган мүчөлөрүнүн реакциясын күтөрүн биллдирди. Келишимге дүйнөнүн алты ири державасы кол койгон.

Хасан Рухани 8-май күнү кечинде телекайрылуу жасап, Иран көп тараптуу келишимдеги милдеттенмелерин аткарууну жактай берерин айтты. Ал эгер иран тарап кызматташуу боюнча документтин башка катышуучулары менен макулдаша алса, Тегеран 2015-жылы түзүлгөн келишимден чыкпай турганын айтты.

Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху Дональд Трамп “тарыхый кадам” таштаганын билдирип, ыраазычылык жолдоду. Израиль бийлиги коопсуздук чараларын күчөттү. Бомбадан коргонуучу жайлар ачылды.

Франция президенти Эммануэль Макрон расмий Париж, Берлин жана Лондон Вашингтондун чечимине “өкүнөрүн” билдирди.

XS
SM
MD
LG