Иш-чара Эскерүү жана Кадырлоо Күнүнүн алкагында өтөт. Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы маанилүү салгылаштарды, окуяларды чагылдырган инсталляция уюштурулат. Ошол жылдардагы ырлар жаңырып, майрамдык дасторкон даярдалат.
Ташкенттин көчөлөрү жана борбордук аянты майрам алдында Эскерүү жана Кадырлоо Күнүнө карата кооздолду. Ошол эле маалда республика боюнча Экинчи дүйнөлүк согуш учурунан берки аскер техникалары көрсөтүлүүдө.