Ссылки доступа

Орусия АКШнын өзөктүк келишимден чыгышын "көңүл калтырган" чечим деп атады


Москва  АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу келишимден чыгуу чечимин "иренжүү" менен кабыл алды. Бул туурасында Орусия ТИМинин билдирүүсүндө айтылат.

Орусиянын тышкы саясат мекемеси 2015-жылы кабыл алынган Ирандын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу келишимди өтө маанилүү деп атаган.

8-мартта жарыяланган чечим – бул Вашингтондун макулдашууларга жөндөмсүз экенин дагы бир жолу тастыктады, деп айтылат билдирүүдө. Орусия ТИМи Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгү толугу менен мыйзамдуу, Американын доосу болсо Тегеран менен саясий жактан эсептешүү үчүн шылтоо деп эсептейт.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

XS
SM
MD
LG