Ссылки доступа

Тажик-кытай чек арасында ашыкча жүктөлгөн 100гө чукул фура кармалды


Тажик-кытай чек арасындагы «Тохтамиш» терминалында Тажикстан аймагына киргизилбей турган жүк унааларынын саны 100гө жакындады.

Тажикстандын Транспорт министрлиги 2-майдан бери белгиленген нормадан бир нече эсе ашыкча салмактагы жүк жүктөлгөн 100гө жакын унаа өлкөгө киргизилбей турганын билдирди.

Мекемеден кабарлашкандай, учурдагы нормага ылайык, унаанын ар бир дөңгөлөк огуна 10 тоннага чейин гана жүк туура келиши керек.

«Айрым фуралар белгиленген 40 тоннанын ордуна 50-80 тоннадан ташып жатышат. Бул ашыкча салмактар жолдордун мөөнөтүнөн мурда бузулуп жатышынын негизги себептеринин бири болууда», - деди министрлик кызматкерлеринин бири. Анын айтымында, мекеме ашыкча жүк жүктөлбөшү керектиги тууралуу транспорт компанияларына бир канча жолу эскертүү бергени менен, жолдордогу абал өзгөрбөй келет.

Ал ортодо терминалда калган фуралардын айдоочулары азык-түлүк запастары жана акчалары түгөнө баштаганын айтып даттанышууда.Алардын айтымдарында, жүктүн салмагы боюнча чечимди транспорт компаниялары кабыл алганына карабастан, соңунда айдоочулар күнөөлүү болуп калышууда. Транспорт компанияларынын өзүлөрүнөн бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Транспорт министрлигиндеги булактар билдиришкендей, Кытай бийлиги жолдун абалына катуу көзөмөл жүргүзгөндүктөн, ал жакта ашыкча жүк ташып өтүү мүмкүн эмес. Мындан улам тажик чек арасына чейин жүк үч унаа менен алынып келип, андан ары бир унаага жүктөлүп ташылат.

XS
SM
MD
LG