Ссылки доступа

Чеченстанда Путиндин мөөнөтүн узартууну сунушташууда


Чеченстан парламенти Путиндин үч мөөнөт катары менен Орусия президенти болушуна жол ачып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Мамдумага мыйзам долбоорун сунуштоого даяр.

Күн мурун бул маселе Парламент Кеңешинде талкууланды. “Аталган мыйзам долбоору Чечен Ресубликасынын башчысы, Орусия Баатыры Рамзан Ахматович Кадыров мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын узартууну демилгелегенден кийин иштелип чыкты”, – деп айтылат мыйзам долбоорунун түшүндүрмө катында.

Мыйзам долбоору парламенттин жакынкы жыйынында каралары пландалууда.

Апрелде Кадыров азыркы президент Владимир Путинге атаандаш боло турган киши жок экенин билдирип, анын бийликтеги мөөнөтүн чектөөнүн зарылдыгы жок экенин айткан.

"Мыйзамды ким ойлоп табат? Конституцияны ким кабыл алат? Эл! Эгер элдин кызыкчылыгы үчүн керек болсо, эмне үчүн өзгөртүү киргизе албайбыз. Мен өзүмдүн атымдан айтып жатам: Путинден суроонун кереги жок! Федерация Кеңеши, Мамдума, башка мамлекеттик институттар чечим кабыл алууну демилгелеп, кол чогултуп, жалпы элдик референдумга алып чыгуу керек", – деген Кадыров.

Владимир Путин 2000-жылдан бери Орусия бийлигинен түшө элек. 2000-жылы майда президент болуп шайланып, бул кызматта эки мөөнөт катары менен отурган. Андан кийин премьер министр болуп, 2012-жылы кайрадан президенттикке аттанган. Конституциядагы Орусия жараны эки мөөнөттөн ашык президент боло албайт деген талаптан улам "өкмөт башчылык тыныгууга" барган. Путиндин башкаруусу учурунда президенттин мөөнөтү алты жылга узартылган жана саясатчы 2018-жылы төртүнчү жолу шайлоого катышкан. Мыйзам боюнча Путин 2024-жылга чейин президент болот.

XS
SM
MD
LG