Ссылки доступа

Жээнбеков терроризмге каршы күрөштөгү союздаштарды атады


Учурда дүйнө үчүн жаңы глобалдык коркунучка айланган терроризмге биргелешкен аракеттер менен гана каршы турууга болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте Жеңиш күнүнө карата өткөн эскерүү митинги маалында билдирди.

«Биз бул балакетке каршы эл аралык коомчулук, ошондой эле Орусия жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөр сыяктуу өнөктөштөрүбүз менен биргеликте күрөшөбүз», — деди Жээнбеков.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө чек араларын Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын «татыктуу урпактары» коргоодо.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан «Өлбөс полк» акциясына катышты. Мамлекет башчы анда дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты.

9-майда Кыргызстанда жана бир катар постсоветтик өлкөлөрдө Биринчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү эсептелген Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш белгиленет.

Видео

XS
SM
MD
LG