Ссылки доступа

Тажикстанда соцтүйүндө «лайк» баскан жаран 9,5 жылга соттолду


Хатлон облустук сотунун имараты
Хатлон облустук сотунун имараты

Хатлон облусунун Вахш районунда жашаган Алижон Шарипов өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлери сүйлөгөн видеолорго «Like» белгилерин койгондугу үчүн 9 жарым жылга соттолду.

Хатлон облустук соту бир нече күн мурда кабыл алган чечимге ылайык, ал «интернет аркылуу Тажикстандын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүү» чакырыктарын жайылтууга күнөөлүү деп табылды.

«Алижон Шарипов Орусияда жүргөн кезинде Ислам кайра жаралуу партиясынын жыйындары, лидеринин маектери жазылган видеотасмаларды дайыма көрүп, жактырганын билдирип «Like» жана «Класс» белгилерин басып жүргөн. Андан тышкары ал видеолорду социалдык түйүндөрдүн башка колдонуучулары менен дагы бөлүшүп турган», - деди соттогу өз булак.

Шарипов быйыл 3-январда Вахш районундагы өзү туулуп-өскөн айылда кармалган. Сурак маалында ал аталган партиянын лидерлеринин видеолорун көрүп жүргөнүн моюнуна алып, бирок анын мыйзамга каршы келээрин билбегенин айткан.

2015-жылы күзүндө Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын «козголоң аракетинен» кийин Ислам кайра жаралуу партиясы төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыпталган. Өлкөнүн Жогорку соту партияны террористтик уюм деп таап, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Андан соң партиянын 14 мүчөсү узак мөөнөттөргө соттолуп, экөөсү өмүр бою эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG