Ссылки доступа

Анжиян: түрттүрүлө турган үйлөрдү бошотуу үчүн жашоочуларга 12 саат гана убакыт берилди (видео)


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жергиликтүү бийлик Анжияндын борборундагы эски үйлөрдү түрттүрө баштады. Жашоочуларга турак-жайлар бузулардан 12 саат мурда гана үйлөрдү бошотуу керектиги эскертилген.

«Менин башка турак-жайым жок, эми кайда барам? Алдын ала, жок дегенде 5-10 күн мурда айтып коюшу керек да. Бул убакта адамдар башка турак-жай табууга жетишип калмак. Адамдарды минтип көчөдө калтырууга болбойт», - деди жергиликтүү тургундардын бири.

Ал жашоочулар эч качан президенттин чечимине каршы болбогонун белгиледи. «Бизди ит куугандай эле көчөгө чыгарып коюп жатышат. Эгер бизге алдын ала эскертип, башка турак-жай берсе өз эркибиз менен эле бошотуп бермекпиз», - деп кошумчалады ал.

Жергиликтүү тургундар калаа бийлигинин мындай аракетинен улам жалпысынан 93 киши көчөдө калганын айтышууда.

«Биз ушул жерде туулуп-өскөнбүз. Биздин үйлөр эски болгону менен суусу, дааратканасы бар болчу. Эми үч балам менен каякка бараарымды билбей көчөдө калдым», - деди жашоочулардын бири.

Жергиликтүү акимчиликтен тургундарга бузулган үйлөрдүн ордуна 5 айдын ичинде шаар четине 2 бөлмөдөн үйлөр курулуп бериле турганын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG