10-майда Алматы жана Астана шаарларында чогулган ондогон адам түрмөдөгү саясий туткундарды бошотууну, кыйноолорду токтотууну талап кылууда.
Алматыда бийликке нааразы болгон жарандар топтолуп көбөйө баштаганда калаа акимчилиги аларга митинг уруксатсыз өтүп жатканын айтып, өз эрки менен тарап кетүүлөрүн сураган. Чогулгандар бийлик өкүлдөрүнүн талабын орундатпаган соң, аларды полиция күч менен кармап, микроавтобуска отуругузуп алып кеткен. Кармалгандардын арасында аялдар дагы бар.
Окуя болгон жерде жүргөн полиция кызматкерлери “Азаттыктын” казак кызматына жарандар эмне себептен кармалып жатканы тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
Түз алып көрсөтүү:
Күн мурун укук коргоочулар бозгунда жүргөн банкир Мухтар Аблязов негиздеген "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылы уюштуруп жаткан акцияга катыша турган катардагы жарандар жана активисттер суракка алынып жатканын кабарлашкан. Мартта Астана соту бул кыймылды экстермисттик деп тапкан.
25-апрелде Европа Кеңешинин Парламент ассамблеясынын 29 депутаты Казакстанды эл аралык милдеттенмелерин аткарууга, сөз эркиндигин камсыздоого үндөгөн.