Ссылки доступа

Израиль аскерлери ракеталык аткылоого кабылганын билдирди


Израиль армиясы Голан дөңсөөсүндөгү аскерлерине Сириянын аймагындагы Иран күчтөрү тарабынан ракеталык аткылоолор болгонун билдирди. ММКлар буга жооп кылып израил аскер-аба күчтөрү дагы ок чыгарганын кабарлашууда.

10-майда эртең менен Израилдин Коргонуу армиясы аскерлерине карата жыйырма чакты ракеталык сокку жасалып, имараттарга чоң зыян келтирилгенин билдирди. Маалыматка караганда, соккулардан каза болгон жана жаракат алгандар жок. Өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү «айрым» ракеталарды токтотуп калган.

Израиль армиясынын подполковниги Жонатан Конрикус ракеталар Иран ислам революциясынын сакчылары корпусунун «Кудс» күчтөрү тарабынан кое берилгенин билдирди. Ал Израиль армиясы Ирандын бул кол салуусуна олутуу мамиле кыларын белгилеп, бирок израилдин жооптуу соккулары тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

10-май эртең менен Сириянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги Дамасктын четине жана Сириянын башка райондоруна ондогон ракета кое берилгенин билдирген. Жыйынтыгында радар орнотмолору бузулуп, курал-жарак сакталган кампалар зыянга учураган.

9-майда Сирия Израилди Кисвех аймагындагы иран аскерлеринин позицияларына ракеталык соккуларды жасоого айыптаган.

Байкоочулардын маалыматына караганда, 9-майдагы соккулардан 15 киши, анын ичинде сегиз иран аскери мерт болгон. Иран израил авиациясынын бул соккуларына жооп берээрин убадалаган.

XS
SM
MD
LG