Сүйлөшүү учурунда эки лидер өзбек-америка кызматташтыгынын азыркы абалы менен келечегин талкуулашып, актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышат, деп билдирди Өзбекстан президентинин маалымат кызматы.
Өзбекстан башчысы Конгрессте, Коргоо министрлигинде жана АКШ Мамлекеттик департаментинде, Дүйнөлүк банкта эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Расмий сапардын жыйынтыгында “Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттары: стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы эрасы” деген биргелешкен билдирүү кабыл алынат. Бир катар документтерге кол коюлат.
3-майда Өзбекстан ТИМ башчысы Абдулазиз Камилов АКШ элчиси Памела Спратленди кабыл алган. Жолгушуу учурунда Мирзиёевдин АКШга жасала турган сапары талкууланган.