Ссылки доступа

Тажикстанда мобилдик телефондордун IMEI-коддорун милдеттүү түрдө каттатуу сунушталууда


Тажикстанда бардык мобилдик телефондордун жана башка байланыш каражаттарынын IMEI-коддорун милдеттүү түрдө бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттатуу сунушталган токтом долбоору даярдалууда.

Өлкөнүн Байланыш кызматы тарабынан түзүлө турган бул реестр телефондорду издөө жана алардын кимге таандык экенин аныктоо боюнча мамлекеттик органдардын иштерин кыйла жеңилдете турганы айтылууда.

IMEI же мобилдик түзмөктүн эл аралык идентификатору — бул ар бир телефон менен смартфон үчүн бериле турган уникалдуу идентификациялык номур. Анда түзмөктүн сериялык номуру, үлгүсү жана кайсыл жерден чыккандыгы тууралуу маалыматтар камтылган. Алсак, коддогу алгачкы 8 сан TAC (Type Approval Code) деп аталат жана түзмөктүн үлгүсү жана кайсыл жерде чыккандыгын билдирет. IMEI-коддун калган сандары өндүрүүчү тарабынан аныктала турган түзмөктүн сериялык номуру болуп эсептелет. Бийлик же мобилдик компаниялар IMEI-коддун жардамы менен телефондор ортосундагы айырмачылыктарды оңой эле аныктай алышат.

«Байланыш каражаттарын каттоо тууралуу» тажик өкмөтүнүн токтом долбоору өлкөнүн Байланыш кызматы тарабынан даярдалып, учурда мамлекет ичиндеги жол-жоболоштуруу иштеринен өтүүдө.

Өлкөнүн Байланыш кызматынын адистери IMEI-коддорду милдеттүү түрдө каттоо тартибин киргизүү себептерин айтышкан жок. Бирок мекемедеги өз булактар мындай чара мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу максатында көрүлүп жатканын билдиришти. Алардын айтымдарында, өлкөдө шифрлөө системасы бар Ватсапп, Вайбер жана Телеграмм өңдүү мессенжерлерди пайдаланган жарандардын саны көбөйүп жаткандыктан, колдонуучуларды сим-карталар аркылуу аныктоо оор болуп калды. Ошондуктан бийлик телефон ээлерин аныктоону жеңилдетүүнү көздөөдө.

XS
SM
MD
LG