Ссылки доступа

Масалиев Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну сунуш кылды


Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев бүгүнкү сессияда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамды алууну сунуш кылды. Анын айтымында, ЖЭБди модернизациялаш үчүн Кытайдан насыя алууга Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар.

- Акыркы күндөрү бизге маалымат жетти. 2013-жылдын май айында модернизация боюнча президенттик аппараттын эки бөлүмүнүн башчылары Сапар Исаков менен Айсулуу Ахмедова (чынында Нурсулу Ахметова - ред.) президенттин атына кызматтык кат жөнөткөн. "390 миллион доллар насыя алыш керек" деп. Президент түзмө-түз финансы жана энергетика министрлерине аны аткаруу тууралуу тапшырма берип жатат. Бул чоң ката. Кыргызстанда жаш баладан тартып улгайгандарга чейин ушунча көлөмдөгү насыя президентсиз чечилбей турганын билишет. Бирок Конституцияда президенттин андай укугу жок. Министрлерге буйрук бере турган укугу болгон эмес. Бул жерде президент өз укугунан ашып түшкөн. Президент өзү буйрук берип атса, кайсы министр каршы пикир айта алат? Кантип талкуулайт? Баарыбыз билебиз, эч ким сөз да айта албайт. Айрыкча бул "эл аралык мамилеге таасир этет, Кытай менен достук бузулат" дегенден кийин баарыбыздын тилибиз кыска болуп калат. Буга президенттин аралашканынан, буйрук бергенинен кылмыштын белгиси көрүнүп турат. "Узурпация" деген сөз бар. Өзүнүн кызматына ылайыктуу эмес укуктарды өзүнө алып алуу деп эсептелет. Ошол боюнча тиешелүү органдар карап чыкса, кызык нерселер табылышы мүмкүн. Корутундуда бир топ аттар жазылып турат. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын фамилиялары жүрөт. Мен мурдагы президент Атамбаев Алмаз Шаршеновичтен кол тийбестикти алуу тууралуу сунуш киргизем. Ал киши "мыйзам алдында баары тең" деп бир топ жолу айткан. Керек болсо "мен да жооп берем" деген. Биз укук коргоо органдарына мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Ак болсо ак, кара болсо жоопко тартылышы керек. Башатын тапсак, төрдө отурган премьер-министрлердин баары "бизге буйрук берген эле, унчукпай койгонбуз" деп айтышат. Алты жылда жети премьер болсо, алардын кайсынысынан сурайбыз? Негизи туура эмес кадам менен кетип баратабыз. Менин сунушум - мурунку президенттин кол тийбестигин алыш керек.

Жыйында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча түз тапшырма бербегенин айтты.

- Алмазбек Атамбаев түз тапшырма берген эмес, "карап көргүлө" деп жатат. Ошондуктан Масалиев алдабасын, жалаа жаппасын. Экинчиден, биз президентке бардык компаниялар туурасында маалымат берип, кат жибергенбиз. Биз тигил же бул компанияны "лобби" кылган жокпуз. Элдин башын айлантпагыла.

Жогорку Кеңеш ушу тапта ЖЭБдеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого Кытай берген 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун угуп жатат.​

XS
SM
MD
LG