Ссылки доступа

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти түркмөн бийлигин сындады


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Томас Кент Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басарынын Женевадагы БУУнун Адам укуктары боюнча жыйынындагы сөзүн “кыжырды келтирген жана ыза кылган” билдирүү деп атады.

Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хаджиев 7-майда өткөн жыйында “Азаттыктын” түркмөн кызматы тоскоолдуксуз иштерин, өлкөдө сөз эркиндигине чектөө жок экенин айткан.

Бул баяндамадан эки күн өткөн соң “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы Солтан Ачиловага кол салуу болгон. 68 жаштагы журналист 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына арналган мемориалдагы өчпөс отко гүл коюу салтанатын чагылдыруу үчүн барганда опузалоого кабылган.

Журналисттин айтымында, аны мемориал жайгашкан дөңсөгө чыгып баратканда кара кийимчен бир нече киши токтотуп, ал жерде эмне кылып жүргөнүнө кызыгышкан. Ачилованын Жеңиш күнү тууралуу репортаж даярдап жатканын уккан беркилер аны опузалап, эгер тартып алган бардык сүрөттөрдү өчүрбөсө, маңзат сатып алууга айыптап камакка ала тургандыктарын айтышкан.

Андан соң анын камерасын тартып алып, сүрөттөрдүн бардыгын өчүрүшкөн. Алар журналисттин "Азаттык" радиосуна иштөөдөн баш тартуусун талап кылышып, эки саат кармап тургандан кийин кое беришкен.

Солтан Ачилова Түркмөнстанда бир нече жолу коркутууларга кабылган. Былтыр июлда ага эки жолу кол салуу болуп, белгисиз адамдар өлтүрүп кете тургандыктарын айтып коркутушкан.

"2014-2016-жылдар аралыгында биздин алты журналистибиз мамлекет тарабынан колдоо тапкан коркутуп-үркүтүү кампанияларына кабылып, өз иштерин таштоого аргасыз болушкан", — деди Кент.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы Сапармамед Непескулиев болсо Каспий жээгиндеги көңүл ачуу парктары тууралуу тасма тарткандан кийин маңзат боюнча жасалма иш козголуп, 2015-жылы түрмөгө кесилген.

XS
SM
MD
LG