Ссылки доступа

Президент Сооронбай Жээнбеков Сочиге барат


Президент Сооронбай Жээнбеков 14-майда Орусиянын Сочи шаарында өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында ЕАЭБдин алкагында соода-экономикалык кызматташтык, эл аралык актуалдуу маселелер талкууланат. Евразия экономикалык комиссиясы жыйында “Кыргыз Республикасы: Евразиялык экономикалык биримдиктеги эки жыл. Биринчи натыйжалар” аттуу докладды сунуштайт. Анда Кыргызстандын аталган биримдикке кирген эки жылдан берки ишмердигинин натыйжалары жазылган.

Жээнбеков Сочиде Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Тараптар эки мамлекеттин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын, Евразия аймагындагы интеграцияны талкуулайт деп мерчемделүүдө.

XS
SM
MD
LG