Ссылки доступа

АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы Тажикстанга барды


Эмомали Рахмон менен Жозеф Л.Вотел. Архив сүрөт.

АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жозеф Вотел бейшемби кечинде Душанбеге барды.

Маалыматка караганда, 12-майга чейин созула турган сапарынын алкагында америкалык генерал Тажикстандын жогорку жетекчилери менен жолугуп, 11-майда журналисттердин суроолоруна жооп берет.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон былтыр апрелде дагы Жозеф Вотелди өз резиденциясында кабыл алган. Анда эки өлкөнүн аскердик жана аскердик-техникалык тармактар боюнча кызматташуусунун абалы жана келечеги талкууланганы кабарланган.

«Тараптар «Эл аралык каржылык колдоо», «Глобалдык тынчтык демилгеси», «Аскердик окутуулар», «Эл аралык терроризмге жана мыйзамсыз маңзат сатууга каршы күрөш» программаларынын алкагындагы Тажикстан менен АКШ аскер түзүмдөрүнүн кызматташтыгына канааттана тургандыктарын белгилешти», — деп билдирген анда тажик президентинин басма сөз кызматы.

Андан тышкары Эмомали Рахмон менен генерал Вотелдин жолугушуусунда тажик-ооган чек арасын бекемдөө сунуштары айтылган.

АКШ Тажикстандын түштүгүндөгү чек ара бөлүктөрүн реконструкциялоого жана курууга көмөк көрсөткөн. Андан тышкары өлкөнүн күч түзүмдөрүнө аскер техникалары, транспорт жана байланыш каражаттары берилген.

XS
SM
MD
LG