Ссылки доступа

Издөөдө жүргөн өзбекстандык аял мекенине кайтып келет


Мамура Рахматова.
Мамура Рахматова.

Диний жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү айыптары менен эл аралык издөөдө жүргөн анжияндык Мамура Рахматова үй-бүлөсү менен мекенине кайтып келүүнү чечти.

Мындай чечимди президент Шавкат Мирзиёевдин саясатына таасирленип кабыл алганын айткан Рахматова Өзбекстанга күйөөсү, кызы, уулу, келини жана эки небересин ала келе турганын кошумчалады.

Мамура Рахматова 2000-жылы башка жергиликтүү тургундар менен бирге «ваххабизм» айыбы менен кармалып, эки айдан кийин бошотулган. Андан соң укук коргоо органдарынын тынымсыз көзөмөлүнөн тажап, коңшу Кыргызстанга чыгып кеткен. 2005-жылы үй-бүлөсүнүн өтүнүчү менен мекенине кайтып барганда мыйзамсыз чек арадан өткөндүгү үчүн камалган. «Анжиян окуялары» башталганда милиция кызматкерлери бир канча адамды, анын ичинде Рахматованы дагы тергөө абагынан чыгарып жиберишкен. Ал балдары менен коңшу Кыргызстанга качып, ал жактан Орусияга кетишкен.

Биринчи күйөөсү менен Өзбекстанда жүргөндө эле ажырашкан Рахматова Москвада башка өзбек жаранына турмушка чыккан. Акыркы үч жылдан бери үй-бүлөсү менен бирге Түркиянын алыскы айылдарынын биринде жашап келет. Учурда Рахматованын жанында тек-жайын ырастай турган эч кандай документи жок.

Анжиян облустук ички иштер башкармалыгынан Мамура Рахманованын чынында эле издөөдөгү адамдардын тизмесинде экенин ырастап, өлкөгө келсе тергөө иштери баштала турганын билдиришти. Мекемеден эгер анын күнөөсү далилденбесе кое берилерин кошумчалашты.

XS
SM
MD
LG