Ссылки доступа

Өзбекстан жараны жалгыз кызынын мурунку жигитин бычактады


Фергана облусунун Фуркат районунун тургуну кызынын мурдагы жигитине бычак менен кол салды. Анын алдында жаңы турмушка чыккан жалгыз кызынын  күйөөсү анын “аруулугунан” шектенип, үйүнөн кууп чыккан.

8-майда Бекебад айлынын 52 жаштагы жашоочусу жалгыз кызын айылдашына күйөөгө берген. Бирок үйлөнүү тойдон эки күн өтпөй, күйөө баласы кызынын “аруулугунан” шектенип үйдөн кууп чыккан.

– Кыз күйөөгө тийгенге чейин башка бала менен сүйлөшүп жүрчү экен. Үйлөнүү үлпөттөн кийин анын “кыз” эмес экени билинет. Биз анын жигити тууралуу билчүбүз, анан атасына кабар бердик. Бизде мындай кыздарды күйөө албайт. Үйлөнүү тойго көп каражат кеткени менен күйөө бала аны ата-энесине жеткирип берди, –деди айыл тургуну.

Маалыматтарга караганда, кызы үйүнө уят болуп кайтып келгенден кийин атасы бычак көтөрүп алып, анын мурунку жигитине барган. Ал баладан кызына үйлөнүүсүн талап кылган жана ийни мене чыканагына бычак урган. Көп кан жоготкон жигитти ооруканага жеткиришкен. Кыздын атасын милиция алып кеткен.

Жаракат алган бала мурун ал кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн, бирок кыздын ата-энеси убагында алардын үйлөнүүсүнө макулдук бербей койгонун билдирди. Учурда жигиттин аялы жана баласы бар.

Фурхат районунун укук коргоо органдары эки тараптын макулдашуусу менен кылмыш иши козголбогонун билдирди. Учурда айыл активисттери жаш жубайларды элдештирүү аракетин көрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG