Ссылки доступа

УКМК: Шадиев чек арадан мыйзамсыз өтүп Нью-Йоркко кеткен, ага издөө жарыяланды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевге сыртынан издөө жарыялады жана соттун чечими менен анын бөгөт чарасы «камакка алуу» деп аныкталды. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

«Башкы прокуратура кылмыш ишин 28-апрелде козгогон. Ал эми 27-апрелде Шадиев Баткен облусунун Исфана шаарына туугандарынын тажиясына барып, андан ары Лейлек районунун Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан Тажикстан тарапка мыйзамсыз (кечүү аркылуу) өтүп кеткен. 28-апрелде, кылмыш иши козголгондон кийин Шадиев Хужант-Москва (Домодедово) авиакаттамы аркылуу Кыргызстандын дипломатиялык паспорту менен жөнөп, андан ары Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткен. Жакындары Шадиев дарыланууга кеткенин, 1-2 жумада кайтып келерин айткан, бирок ал дагы эле тергөө органдарынан атайылап жашырынып жүрөт. Ошого байланыштуу издөө жарыяланды», — деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн былтыр Жогорку Кеңештен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл жыл башында ачыкка чыккан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Натыйжада парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган. Акча кымырылып кеткен маалда комитетти Аскарбек Шадиев башкарып турган.

31-майда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы ошол иштин алкагында Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде айып такты.

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту ага карата «камакка алуу» бөгөт чарасын сыртынан чегерди.

XS
SM
MD
LG