Ссылки доступа

Кыргызстан менен Казакстан өз ара товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүү ниетинде


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен жолугуп, кыргыз-казак алакасын талкуулады. Эки тараптуу жолугушуу 31-майда Душанбеде, КМШ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алдында болду.

Сагинтаев эки өлкөнүн башчылары өкмөттөр алдына койгон пландар ишке ашырылышы керектигин билдирип, эки өлкө ортосундагы байланышты мындан ары дагы өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи. «Казак тарап эки жактуу алакаларды өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган ар кандай демилгелерди дайыма колдоого даяр», — деди Сагинтаев.

Өз кезегинде Абылгазиев Казакстан менен стратегиялык өз ара байланыштарды бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. «Биздин президенттерибиз тарабынан өз ара сооданы 1 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүүгө багытталган милдеттер коюлган. Бул бизди өз ара товар айлантууну өстүрүү жана соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү үчүн шарттарды түзүү максатында өз ара тыгыз аракеттешүүгө түртөт» — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчылар ошондой эле премьер-министрлердин төрагалыгы алдында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү боюнча макулдашты.

Былтыр күзүндө Казакстан чек ара көзөмөлүн күчөтүп, бул чек арада бир канча чакырымга созулган унаа тыгындарын жараткан. Астана бул аракетин аткезчиликке каршы күрөш менен түшүндүрсө, Бишкек аны Алмазбек Атамбаев казак жетекчилигинин дарегине сын айткандан кийин жасалган соода тоскоолдугу деп атаган.

Анда эксперттер эки өлкөнүн алакасы начарлаганын билдиришкен. Жыл соңунда президенттикке Сооронбай Жээнбеков шайлангандан кийин тараптар талаштуу маселелерди жөнгө сала алышкан.

XS
SM
MD
LG